• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Садык Шер-Нияз: Эски видеодон чуу чыгарган патриот жарандарыбызды токтоо болуп, бөлүнүп-жарылбоого чакырам

9 Баш оона 202410:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын франциядагы ыйгарым уккутуу элчиси “Садык Шер-Нияз пост жазганча, балбандардын тамак-ашына кам көрсө болмок экен. Балбандардын тамак ашын камсыздай албаса, ал жакта эмне жүрөт” деген сындар кечээтен бери социалдык тармакта талкуу болуп жаткан.

Бүгүн Садык Шер-Нияз ал сындараг өзүнүн жүйөөлүү кептери менен жооп берди.

“Урматтуу Кыргызстандын намысын коргоп келген спортсмендер!
Силер биздин сыймыгыбызсыздар!
Мүмкүн уюштуруу ишинде мүчүлүштүктөр болуп жатса, биз ошол кемчиликтерди жоюууга милдеттүүбүз!
Силердин ар бириңерди чакырып үйдөн күнүгө үч маал тамак берүүгө кандай куштар экенимди билсеңер… Айла жок, олимпиаданын шарты катуу экен, ал ишти аткара албай жатамын.
Азыр уюштуруучулар атайын өзгөчө тамак-аш менен силерди камсыздап жатканын да билем. Бирок эски видеону (чемпионат Азиядан) көрүп андан чуу чыгарган патриот жарандарыбызды токтоо болуп, бөлүнүп жарылбоого чакырам.

Элчиликтин атынан, жеке үй-бүлөмдүн атынан азыр Парижде жүргөн ар бириңерге 1000 евро “Парижден атайын белек” деп арнап олтурам.

Эртеңден баштап ар кимиңер федерация башчыларыңарга кайрылсаңар силерге түздөн-түз берилет.

Эч нерседен кам санабагыла, силердин артыңарда силерди колдоп-сүрөп келген жүздөгөн патриот уул кыздарды көрүп жатам.
Силер тарых жасап жатасыңар, ошол жолуңар шыр болуп, бизди күндө кубантып, даңктуу жолуңарды улай бергиле!”.

Количество просмотров: 234