• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Садыр Жапаров Глазгого менчик учак жалдап барды. Себеби?

1 Жетинин айы 2021 18:02 Бишкек Govori.TV

Президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров Шотландиянын Глазго шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшүнө арналган конференциясына менчик учак менен барганын ырастап, буга байланыштуу түшүндүрмө берди.

«Мамлекет башчысы учуп жаткан ТУ-154 «Борт номер бир» Евробиримдик менен Улуу Британиянын техникалык нормаларына жооп бербейт, буга байланыштуу кыргыз тарапка өлкөгө бул типтеги учактарды кондурууга мүмкүн эместиги маалымдалган.

Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын делегациясын Глазго шаарына жеке учак менен алып баруу чечими кабыл алынган», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын делегациясы БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясына жана дүйнө лидерлеринин Саммитине катышат.

Аталган иш-чара жыл сайын өтүүчү аянтча болуп саналып, анда жогорку деңгээлдеги делегаттар климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча зарыл болгон кийинки кадамдарды талкуулоо үчүн чогулушат.

Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясына 30 миңден ашуун делегат, анын ичинде 120 дүйнөлүк лидерлердин, эксперттердин жана өкмөт кызматкерлеринин катышуусунда Улуу Британияда өткөн эң ири саммит болору белгиленген.

Количество просмотров: 458