• Бейшемби 18 Кулжа 2026
  • Четверг 18 Июнь 2026

Садыр Жапаров менен Байрам Бегайдын расмий жолугушуусу өттү

18 Кулжа 202613:24 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-июнда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана Албаниянын президенти Байрам Бегайдын расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

“Рух-Ордо” маданий борборунда Кыргызстан менен Албаниянын мамлекеттик туулары илинип, Ардактуу кароол тизилип, 40 этно жоокер турушту.

Лидерлер саламдашкандан кийин Ардактуу кароолдун рота командиринин рапортун кабыл алышып, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.

Андан соң мамлекет башчылар катарды кыдырып чыгышты, Байрам Бегай Ардактуу кароол ротасы менен “Салам аскер!” деп саламдашты. Мындан кийин лидерлер расмий делегация мүчөлөрү менен таанышышты.

Андан ары Садыр Жапаров жана Байрам Бегай биргеликте сүрөткө түшүү жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн №2 Мамлекеттик резиденциянын Конгресс-холлуна өтүштү.

Количество просмотров: 9