Сахара чөлүндө абанын температурасы төмөндөп, кар жаады. Мындай адаттан тыш аба ырайынын көрүнүштөрүнүн сүрөттөрүн Карим Букетата Instagram баракчасына жарыялаган.
Сахара чөлүндө абанын температурасы +50 C чейин ысык болот. Бирок быйыл январь айында абанын температурасы -0 C төмөндөгөн.
Январь айы — Сауд Аравиядагы «эң суук» мезгил. Бул айда абанын температурасы +20,2° болот. Ал эми Табук — Сауд Аравиянын «эң суук региону». Ал жакта абанын орточо температурасы +4° болот.