• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

SAIMA интернети дагы арзандады жана КР аймагында алгачкы жолу 500 Мбит/сек чейин чыкты

7 Баш оона 202410:29 Бишкек Govori.TV

Saima Telecom’дон эки супер жаңылык бар жана аларды уккандан кийин дароо кошууга өтүнмө калтырасыздар.

Биринчи жаңылык: Популярдуу «Премиум 300 + O!TV» тарифинин баасы айына 1180 сомдон 980 сомго түштү!

Сиз үй жумуштарын аткаруу жана көңүл ачуулар үчүн минималдуу баа менен максимум интернет-кызматтардан пайдалана аласыз:

• 300 Мбит/сек чейин жогорку ылдамдыктагы интернет;
• Мыкты сапаттагы 220дан ашуун каналы менен жаңы муундагы интерактивдүү ТВ;
• Кошумча акысыз 5 онлайн-кинотеатр: Etnomedia, Start, Wink, Premier, О!Кино;
• Түз эле телевизордон YouTube көрүү;
• 1 аккаунтка 5 түзүлүш кошуу мүмкүндүгү;
• Түз эфирди башкаруу мүмкүндүгү;
• Көрүүнү кийинкиге калтыруу жана жарнаманы түрдүрүп жиберүү;
• Жаздырылган программаларды тандоо.

Экинчи жаңылык: Saima Telecom Кыргызстанда алгачкы жолу флагмандык тарифтин ылдамдыгын 500 Мбит/сек чейин көбөйттү!

Супер ылдам интернетти жакшы көргөндөр үчүн эң сонун жаңылык. «Премиум 500 + O!TV» тарифин кошуп алган учурда сизге сервистердин ошол эле кеңири топтому, бирок 500 Мбит/сек чейинки ылдамдыкта берилет. Мунун баары супер пайдалуу баада – айына болгону 1180 сом! Интернеттин мындай жогорку ылдамдыгы үйдөн эле көз ирмемде көңүл ачуулардын дүйнөсүнө чөмүлүү мүмкүндүгүн берет.

Интернет-жабдуу

ТВ-приставка жана бир гигабиттик Wi-Fi роутер жоопкерчиликтүү сактоого акысыз берилет, ошондой эле жабдууну 2900 сомго сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Кошууга өтүнмөнү төмөнкү жолдор менен берсе болот:
• компаниянын saimatelecom.kg сайтынан;
• 0708 909 000 номерине чалуу же WhatsApp/Telegram аркылуу жазуу;
• «Мой О!» тиркемесиндеги Saima Telecom бөлүмүнөн;
• Бишкек ш., Лев Толстой көч., 1/3 дарегинде жайгашкан башкы кеңседен.

«Премиум 300 + O!TV», «Премиум 300 +», «Премиум 500 + O!TV» жана «Премиум 500 +» тарифтери жеке жактар жаңы жана учурдагы абоненттер үчүн жеткиликтүү. Учурдагы тарифтик пландын жана ушул Тиркеменин шарттарында ар кандай себептерден улам келишимди мөөнөтүнөн мурун бузган жана/же байланыш кызматтарын колдонбогон учурда, Оператордун Абонентти байланыш кызматтарына кошуу боюнча чыгымдарынын ордун толтуруш үчүн, ошондой эле Абонент алгачкы 24 айдын ичинде келишимдин шарттарын аткарбаган учурда Абонент кошуунун шарттуу баасын: 2 500 (эки миң беш жүз) сом төлөөгө милдеттенет.
300 Мбит/сек жана 500 Мбит/сек чейинки ылдамдыктагы тарифтерди кошуу жеткиликтүү болгон аймактарды компаниянын менеджерлеринен же күнү-түнү иштеген Байланыш борборунан билсеңиздер болот. Сунуш «Ала-Тоо 3» жана «Ак-Ордо» конуштарынын тургундарын камтыбайт.

КР МТБМК караштуу МБА 24.11.2003-ж. №03-292-КР лицензиясы. Маалымат жарыяланган күнгө карата актуалдуу.

Количество просмотров: 92