• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Саймаитинин өлтүрүлүшү. Комиссиянын жыйынына Матраимовдордун өкүлдөрү келди

31 Үчтүн айы 2020 11:27 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 31-январдагы Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтеш үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өтүп жатат.

Жыйынга өз каалоолору менен Матраимовдордун жактоочулар келип катышууда. Канат Азиздин айтымында «Азаттык» келип маалымат берип жаткандан улам алар да келүүнү чечишкен.
Алардан тышкары Мамлекеттик чек ара кызматынын, күч структураларынын тийиштүү өкүлдөрү келип катышууда.
Буга чейинки аталган комиссиянын жыйыны 21-январда болгон эле.

Жогорку Кеңеш уйгур улутундагы кытай ишкери Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу 2019-жылдын 21-ноябрында убактылуу депутаттык комиссия түзгөн. Ага парламенттеги алты фракциядан 12 депутат мүчө болуп кирген.

Комиссия Саймаитинин киши колдуу болушун, аны Кыргызстан менен байланыштырган жагдайларды, буга чейин Бишкек, Ош аэропортторунда каракталган миллиондогон каражаттардын чоо-жайын жана «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган, Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларга катышын иликтеп жатат.

Количество просмотров: 231