Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев бардык аймактарда кызамык көбөйүп жатканына байланыштуу 19-мартта кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.
«Бул кооптуу илдет. Ал олуттуу көйгөйлөргө жана өлүмгө чейин алып келиши мүмкүн. Бирок бизде андан коргонуунун натыйжалуу каражаты – эмдөө бар. Эмдөө коопсуз жана ал бүткүл дүйнөдө өзүнүн натыйжалуулугун далилдеген. Эмдөө менен биз балдарыбыздын ден соолугун сактап, алардын бактылуу адам болуп чоңоюшуна шарт түзө алабыз», — деп белгиледи Чечейбаев.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бардык аймактарда кызамык эпидемиясы кескин өсүп жатканын, өлкөдө өтө кооптуу кырдаал болуп турганын эмдөөгө байланыштуу уюштурулган жыйында билдирген.Бул жаатта жер-жерлерде маалыматтык өнөктүктөрдү күчөтүү талабы коюлган.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, быйыл январь-февраль айларында 3 739 баладан кызамык оорусу аныкталган.