• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Саламаттык сактоо министрлигинин 3 жооптуу кызматкери кармалды

3 Кулжа 2022 9:14 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министрлигинин 3 жооптуу кызматкери коррупцияга шектелип кармалганын Башкы прокуратура билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, жемкорлук фактысы COVID-19га каршы вакцина сатып алууда орун алган.

«Министрдин орун басары Улук-Бек Бектурганов, Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова, Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин бөлүм башчысы Султан Сатарбеков кармалды»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмышка өкмөт мүчөлөрүнүн жана башка кызмат адамдарынын тиешеси бар-жогу иликтенип жатканы кошумчаланды.

Эске салсак, Бейшеналиев 2-июнда бюджеттик каражатты мыйзамсыз түрдө адалдоо ыкмасын уюштурду деп кармалган. Кеп вакцинаны негизсиз сатып алуу тууралуу болуп жатат. Ага алгач Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») менен кылмыш иши козголгону айтылган.

Количество просмотров: 194