• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Саламаттык сактоо министрлигинин санариптик кызмат көрсөтүүлөрү үзгүлтүккө учурады

14 Бугу 2022 9:31 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министрлигинде лабораториялык жыйынтыктарды (ПЧР анализдер) жана эмдөө сертификаттарын берүү боюнча санариптик кызматтар иштебей калды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, “Мен COVID-19сыз саякаттайм” мобилдик тиркемеси жана башкалар иштебей калган. Буга тармактык жабдууларындагы техникалык мүчүлүштүктөр себеп болгон.

«Адистер техникалык мүчүлүштүктү жоюуга аракет кылып жатат. Ыйгарым укуктуу лабораториялардын колтамгасы жана мөөрү бар, QR коду жок сертификаттарды шашылыш түрдө берүү маселеси каралды»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 235