Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулардын республикалык борборундагы ката жазуу оңдолуп жатат. Бул тууралуу Govori.TVга аталган мекеменин жетекчиси Сталбек Бердиев билдирди.
«Ката жазууну тендерден уткан компания ишемби күнү кечинде илип кетиптир. Мен иш сапарда жүргөндүгүмө байланыштуу жумуш ордунда эмесмин, кабарым жок эле. Жазууну көргөндөн кийин дароо чечип, оңдоткуча имараттын маңдайынан сүрөткө тартышып социалдык тармактарга жүктөлдү. Кимдин кандай кызыкчылыгы бар билбейм. Мен иштегенге чейин мурунку эски жазууда дагы ката бар экен. «Здравоохранения» деген сөзү бир эле «о» менен жазылып калыптыр, эмнегедир анда сенсация болгон эмес. Бул маселе боюнча министрликтен дагы жеме угуп, түшүндүрмө берип жатабыз. Тиешеси барларды жазалайбыз»,-деди Бердиев.
Буга чейин социалдык тармактарда мамлекеттик мекемедеги ката жазуу тууралуу сүрөт жарыяланып, кызуу талкуу жараткан.