Кыргызстандын биринчи космонавты, Кыргыз Республикасынын Баатыры Салижан Шарипов иш сапары менен Ош шаарына келип, мектеп окуучулары менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди.
Ал Юрий Гагарин жана Валентина Терешкова атындагы орто мектептердин окуучулары менен баарлашты. Ардактуу конокту шаар бийлигинин өкүлдөрү, дипломаттар жана окуучулар тосуп алышты.
Жолугушууда Салижан Шарипов өзүнүн бала кездеги кыялдары, космоско жеткен жолу жана учуулар тууралуу айтып берди. Ал жаштарды максаттарына умтулууга чакырып, чоң кыялдардан коркпоого үндөдү.
Иш-чара Космос күнүнө карата уюштурулуп, анын алкагында окуучулар көргөзмө жана концерттик программа даярдашты.