• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Салянова инисинин өлүмүндө саясий буйрутма бар деп эсептейт

6 Аяк оона 2018 12:58 Бишкек Govori.TV
Бишкек.06.09.2018.Govori.TV.
Салянова инисинин өлүмүндө саясий буйрутма бар деп эсептээрин айтты. Бул тууралуу Аида Салянова бүгүнкү сот отурумунун жылдырылганын  айтып жатып, инисинин өлүмүнө кимдер себепкер экенине токтолуп өттү.
Салянова билдиргендей, анын инисинин өлүмүнө шектүү киши атайын буйрутма алган. Бирок, шектүү кимди өлтүрө турганын билген эмес. Анын берген көпгөзмөсүндө Саляновдун үйү экенин билбегени айтылган.
Улан Саляновду өлтүрүүгө барган киши, мындан мурун да Ош шаарында кылмыш жасаганы белгилүү болгон.
“Эгерде мен ушул кылмышка барсам, менин мурунку кылмыш ишимди жабам деп убадалаганын  сурак берген учурда айткан”
 Кошумчалай кетсек, Бүгүн, 6-сентябрда Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча өтө турган соттук отурум 20-сентябрга калтырылды.

Количество просмотров: 28