• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү бир күнгө узартылды

29 Чын куран 2023 12:42 Бишкек Govori.TV

Дем алыш күндөрүнө байланыштуу салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 2-майда аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

едомстводон билдиришкендей, бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү (30-апрель) дем алыш күнгө туш келди, ал эми 1-май майрам күнү деп белгиленди.

«Ушуга байланыштуу салык мыйзамдарына ылайык, салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 2-майга чейин узартылды. Салык органдары 30-апрелде, 1 жана 2-майда декларацияларды саат 09.00дөн түн ортосуна чейин кабыл алышат», — деп айтылат маалыматта.

Салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырышы керек:

– жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;

– менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар;

– юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;

– илимий-изилдөө, чыгармачыл, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жана аткаруу-тескөөчү иш-милдеттерге байланышпаган калкты тейлөө боюнча башка ишти жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган мекеменин, уюмдун кызматкерлери;

– мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;

– эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;

– жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жак.

Жеке ишкерлер декларацияны электрондук түрдө гана, ал эми жеке жактар тандоосу боюнча – электрондук же кагаз жүзүндө тапшырса болот.

Количество просмотров: 112