• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Салык кызматы бүгүн 10 батир, 11 электромобиль жана чет өлкөгө 4 жолдомо ойнотот

30 Бештин айы 20239:15 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматы бүгүн, 30-декабрда “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын экинчи этабынын башкы байгелерин ойнотот.

Маалым болгондой, бүгүн 10 батирдин, 11 электромобилдин жана чет өлкөгө 4 жолдомонун жеңүүчүлөрү аныкталат.

Утуштар УТРК жана Ала-Тоо24 каналдарында, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде өтөт. Башталышы 15:00дө.

Эскерте кетсек, 25-29-декабрда 1 миң 219 баалуу байге ойнотулду.

Количество просмотров: 613