• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Салык кызматы iPhone жана смартфондорду ойнотот

23 Чын куран 2024 12:08 Бишкек Govori.TV

Салык кызматы жарандарды товарларды же кызматтарды сатып алууда контролдук-кассалык чектерди талап кылуусуна кызыктыруу үчүн акция өткөрүүнү жарыялайт.

МСКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, акцияда iPhone жана смартфондор ойнотулат.

Катышуу үчүн бир нече жөнөкөй шарттарды аткаруу жетиштүү:

1) ККМди колдонбогон жана кассалык чектер берилбеген соода жана кызмат көрсөтүү түйүндөрүнүн дарегин, аталышын жана сатып алуу күнүн милдеттүү түрдө көрсөтүү менен фото же видео тартып, өзүнүн Instagram же/жана Facebook баракчаларына пост түрүндө жайгаштыруу;

Же сатып алууда кассалык чектерди талап кылуу же керектөөчүлөрдүн жашоосундагы кассалык чектердин мааниси тууралуу видео же фотоматериалдарды колдонуу менен пост жүктөө керек.

Посттор канчалык көп болсо, байге утуп алуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот;

2) ар бир постко Салык кызматынын баракчасын (@salyk_kg Instagram жана @salykkg Facebook) #акциясалык хэштеги менен белгилөө;

3) Салык кызматынын Instagram же Facebook социалдык баракчаларынын бирине катталуу;

4) өзүңүздүн баракчаңызга акция тууралуу бирден кем эмес пост жайгаштырыңыз же бөлүшүңүз жана үч досуңузду белгилеңиз. Акция тууралуу маалыматты салык кызматынын Instagram же. Facebook социалдык тармактардагы баракчаларынан алсаңыз болот;

5) катышуучунун өздүк баракчасы ачык, активдүү жана 50дөн кем эмес катталуучусу жана катталуусу, ошондой эле өзүнүн үчтөн кем эмес сүрөтү болушу керек.

Акциянын бардык көрсөтүлгөн шарттарын аткарган катышуучу байгенин ээси болот.

Акция тууралуу толук маалыматты салык кызматынын социалдык тармактардагы баракчаларынан жана www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Ошондой эле төмөнкү номерлерге байланышса болот: 116, (0500)48-79-62, (0221)80-44-86, (0990)09-20-42, (0500)74-34-34.

Теги:
Количество просмотров: 59