• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Салык кызматы ишкерлерди онлайн каттоо сервисин ишке киргизди 

11 Үчтүн айы 2024 13:13 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдү онлайн каттоо сервисин ишке киргизди.

МСКнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, эми ишкерлер жеке ишкер же жеке жак катары катталуу үчүн салык органына барбай туруп Cabinet.salyk.kg сайтынан эле арыз бере алышат.

Каттоого арыз түзүү үчүн Cabinet.salyk.kg сайтынан «Каттоо» бөлүмүн тандап, андан кийин «Салык төлөөчүнү каттоого онлайн арыз берүү» бөлүмчөсүнөн идентификациялоо жол-жобосунан өтүү керек.

Бул үчүн төмөндө көрсөтүлгөн үч ыкманын бирин колдонууга болот:
— идентификациялоонун бирдиктүү системасын (ЕСИ);
— электрондук цифралык кол тамганы (ЭЦП);
— Smart-iD KG.

Cabinet.salyk.kg сайтынын «Каттоо» бөлүмүнөн эле арыздын статусун көрүп, жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү басып чыгарууга болот. Күбөлүк арыз берилген күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде берилет.

Сервис каттоо процессин жөнөкөйлөтүү жана ишкерлердин салык органдары менен өз ара аракеттенүүсүн жеңилдетүү максатында ишке киргизилди.

Бул кызматты колдонуу жөнүндө кошумча маалыматты Cabinet.salyk.kg сайтынан (cabinet.salyk.kg/manual «Жетекчилик» бөлүмү) алууга болот.

Теги:
Количество просмотров: 113