• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Санариптик министрлиги TikTokту бөгөттөө боюнча комментарий берди

17 Чын куран 2024 12:53 Бишкек Govori.TV

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда TikTok социалдык тармагынын бөгөттөлүшү боюнча комментарий берди.

Министрлик тараткан маалыматка ылайык, бул чаралар УКМКнын катынын негизинде көрүлгөнүн түшүндүрдү.

«Чечимге TikTok тарабынан «Балдардын ден соолугуна, алардын физикалык, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнү болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө» мыйзамды аткарбагандыгы негиз болгон. Мыйзам балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтын түрлөрүн аныктайт», — деп айтылат Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматында.

Кыргызстандагы интернет провайдерлерине 18-апрелге чейин ТикТокту бөгөттөө тапшырылганы кошумчаланды.

16-апрелде министрликке караштуу байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы өлкөнүн интернет-провайдерлерине TикТок социалдык тармагына кирүүнү чектөөнү суранган кат жолдогону белгилүү болгон.

Эске салсак, Маданият министрлиги 2023-жылы август айында Кыргызстанда TikTokту жабуу чечимин кабыл алган. Министрлик мындай чечимди 18 уюмдун кайрылуусу менен жана балдардын адеп-ахлактык тарбиясына терс таасирин тийгизип, психологиялык саламаттыгына зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоого гана багытталган деп түшүндүргөн.

Количество просмотров: 62