• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Саны менен рекорд койгон Санта-Клаустар

5 Бештин айы 20179:14 Бишкек Govori.TV

Бул туурасында Vesti.ru сайты жазып чыкты.

Швейцариянын Вербьер курортунун лыжа  тебүүчү аянтына 2 700  адам Санта-Клаустун кийимин кийип келишкен. Мындай көп сандагы Санта Клаустар мурда бир жерге чогулбагандыктан, бул көрүнүш Гиннесттин рекорддор китебине катталды.

Санта Клаустар ушуну менен төртүнчү жылы каалоочуларды Вербьерге чакырды. Бул ачылышка жарашыктуу кийим кийип келгендер бекер лыжа  тебүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Эскерте кетсек 2008-жылы Кыргызстан Санта-Клаустардын мекени деген бренд пайда болгон. Анда Ала-Тоо аянтына жүздөн ашык Санта-Клаус чогулган. Идеянын автору ошол учурда Туризм министри Турусбек Мамашов болуп, өкмөт тарабынан колдоого алынган.

Количество просмотров: 33