• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин башчысы кармалды

6 Жалган куран 2024 12:44 Бишкек Govori.TV

Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин жетекчиси кармалды Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан «Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу» ири эл аралык долбоорун ишке ашырууда КР министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган.

«Каракол шаарында жаңы саркынды сууларды тазалоочу жайды курууга Азия Өнүктүрүү банкынан насыя катары департамент тарабынан алынган 1 млн 498 миң 200 АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттын чет мамлекетке чыгарылып кетишине алып келген», — деп айтылат маалыматта.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, аталган департаменттин кызматкерлери терс репутацияны жана андан кийинки банкроттукту эске албай, Азия Өнүктүрүү банкынан жогоруда көрсөтүлгөн каражаттарды подрядчы компаниянын банкрот деп таануу стадиясында турган чет өлкөлүк банктагы учурдагы эсебине которуу өтүнүчү менен кайрылышкан.

2024-жылдын 3-мартында КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан аталган кылмышты жасоого шектүү катары Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин башчысы Х.Ш.К. кармалып, Каракол ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Теги:
Количество просмотров: 102