• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

“Лазурный берег” пансионатынын саркынды суулары көлгө аккан

8 Аяк оона 2022 13:25 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдөгү “Лазурный берег” пансионатынын саркынды суулары көлгө аккан. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Кѳл райондук прокуратурасы тарабынан социалдык тармактарда жарыяланган “Пансионаттын канализациясынан саркынды суулар көлгө агып жатат” деген аталыштагы макала боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө “Лазурный берег” пансионатынын тазалоочу курулуштары экологиялык, санитардык нормалардын жана эрежелердин талаптарын бузуу менен иштетилип жаткандыгы аныкталды.

Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 298-беренеси (“Иштерди жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу”) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 144