• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Сары-Челек коругунун жолун оңдоп, асфальт төшөө пландалууда

22 Кулжа 2023 18:30 Бишкек Govori.TV

Сары-Челек коругунун жолун оңдоп, асфальт төшөө пландалууда. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Сары-Челектин жолунун абалы менен жеринен таанышып чыккандыгын билдирди.

«Өзүнүн уникалдуу, кооз жаратылышы менен таанылып, миңдеген туристтер көрүүгө ашыккан Сары-Челектин жолу жылына кеңейтилип, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп келет. Албетте, өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте инфраструктураны жакшыртып, жаратылышы керемет жети дубанды көрүүгө келген конокторго жакшы шарт түзүү маанилүү.

Мындан улам, мамлекет жетекчисинин демилгеси менен айыл аралап, асман тиреген тоолордун койнунда мелтиреп жаткан көлүбүзгө барчу жолго асфальт төшөө пландалууда», — деди ал.

Министр өзгөчө коргоодо турган кереметүү Сары-Челек коругунун жолун оңдоодо жергиликтүү калк менен келген коноктордун каалоосун эске алынарын кошумчалады.

Количество просмотров: 78