• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Сауд өнүктүрүү фонду менен эки келишимге кол коюлду

24 Чын куран 2023 17:35 Бишкек Govori.TV

23-24-апрелинде Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Аль-Маршад башында турган делегациясы иш сапары менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында финансы министри Алмаз Бакетаев менен Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Аль-Маршаддын ортосунда «Турак жайды каржылоо» жана «Суусамыр-Талас-Тараз жолун реконструкциялоо, IV фаза» долбоорлору боюнча кредиттик макулдашууларга кол коюлду. Долбоорлордун жалпы суммасы 130 млн АКШ долларын түзөт.

Долбоорлор муктаж болгон жарандарды арзан турак жай менен камсыздоого, ошондой эле Талас районундагы жолдун 92,9 чакырым бөлүгүн реконструкциялоого багытталган.

Количество просмотров: 58