13-октябрда саясий туткун Кенжебек Абишев түрмөдөн чыкты. Шаршемби күнү эртең менен Заречныйдагы түрмө кызматкерлери аны Алматы облусунун Жамбыл районундагы үйүнө жеткиришти.
— Кишилердин жана ЖМК өкүлдөрүнүн топтолушун каалашкан жок окшойт. Анын үстүнө аларга Башкы прокуратурадан комиссия келе жатат, — деди түрмө администрациясынын аракетине баа берген Кенжебек Абишов.
Буга чейин жергиликтүү активисттер аны Заречный шаарчасындагы ЛА-155/14 түзөтүү мекемесинин алдынан тосуп алууну пландашкан. Бирок активисттер барганга чейин аны үйүнө алып кетишкен.
27-сентябрда Капшагай шаардык соту «терроризмди үгүттөдү» деген айып менен соттолгон Кенжебек Абишевди шарттуу түрдө бошотуу чечимин кабыл алган. Ал жазасынын калган бөлүгүн – 2 жыл 4 ай 20 күнүн эркиндиги чектелген шартта өтөйт.
Казакстандык укук коргоочулар Кенжебек Абишевди саясий туткун катары таанышкан. Нур-Султан өлкөдө саясий туткундар жок экенин айтып келет.