Бүгүн, 18-октябрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун өрөөндөрүндө жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, мындай үшүк мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка үчүн коркунучтуу.
Ошондой эле ӨКМге караштуу ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.