• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Шайлоо. Мыйзам бузуулар боюнча ИИМге 64 билдирүү түшкөн

17 Жетинин айы 202420:38 Бишкек Govori.TV

Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жүрүшүндө саат 19:00гө карата Ички иштер министрлигине мыйзам бузуулар боюнча 64 билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу ИИМдин Тергөө кызматынын бөлүм башчысы Султан Макилов билдирди.

Анын ичинен:

  • 47 факты боюнча кылмыштын курамы жок болгондуктан кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.
  • 6 факты боюнча материалдар аймактык шайлоо комиссияларынын кароосуна жиберилди.
  • Майда бейбаштык боюнча 1 факты катталды: Бишкектин Биринчи май районундагы шайлоо участкасында шайлоочу Социал-Демократтар партиясы шайлоо бюллетенинде жок экенине нааразычылыгын билдирип, бюллетенди айрып салган. Ага 5 миң 500 сом айып пул салынган.

Макилов белгилегендей, шайлоо тилкелеринде Ички иштер министрлигинин 15 миң кызматкери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, шайлоонун жүрүшүндө коомдук коопсуздукту камсыз кылууда.

Количество просмотров: 119