Жогорку Кеңештин экс-депутаты Шайлообек Атазовду тергөө 48 саатка камакка алды. Бул тууралуу маалымат Атазовдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
«Кошумча маалыматты жактоочусунан алынган соң дагы кабарлайбыз», — деп жазылды анда.
Буга чейин Атазовдун Бишкектеги үйүндө тинтүү жүргөнү белгилүү болгон.
ИИМ азырынча расмий маалымат тарата элек.