• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Шакиев өзбек Сенатынын төрайымы менен жолугушту 

26 Аяк оона 2023 14:42 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстанга расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту.

Парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда боордош эки өлкөнүн саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларын арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Төрага Нурланбек Шакиев расмий иш сапар менен келүүгө чакырып, жылуу кабыл алгандыгы үчүн Сенаттын төрайымы Танзила Нарбаевага ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле акыркы төрага жылдары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы байланыштар жигердүү өнүгүп жатканын белгиледи.

«Эзелтен эриш-аркак жашаган эки элдин калыптанган кызматташтыгын улантуу бабалардан калган баалуу вазыйпабыз. Андыктан акыркы жылдары кызматташтыкты кеңейтип, жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашырууга басым жасалууда. Алсак, жакынкы аралыкта эле мамлекеттик жетекчилер ортосунда түрдүү багыттагы алтымыштан ашуун жолугушуу өттү. Бул коңшулаш жашаган эки өлкөнүн алакасынын артып жаткандыгынын далили”, – деди ал.

Муну менен катар Шакиев эки өлкөнүн байланышын чыңдоодо парламенттердин ролу чоң экенин айтты.

“Парламенттик дипломатия кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүүнүн эффективдүү механизми болуп саналат. Ага ылайык, эки тараптуу жолугушууларды байма-бай өткөрүп, стратегиялык өнөктөштүктү өрчүтө турган кызматташтыкты улантышыбыз керек. Биз алакаларды арттырууга багытталган бардык маселени талкуулап, кеңешип чечкенге кызыкдарбыз”, – деп кошумчалады төрага.

Төрага ошондоцй эле жолугушууда соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2 млрд АКШ долларына жеткирүү максатталганын эске салды.

«Бирок бул чек эмес. Биздин мүмкүнчүлүктөрүбүз өтө чоң. Чек арадагы өткөрмө жайларынын ачылышы, үстүбүздөгү жылдын сентябрынан тарта ID-карта аркылуу эле чек арадан өтүү тартибинин киргизилиши байланышты дагы да күчөтөрү анык”, – деди.

Андан тышкары, билим берүү жаатында да жылыштар арбын экенин айткан төрага көптөгөн өзбекстандык студенттер Кыргызстандын университеттеринде ийгиликтүү окуп жатканын белгиледи.

Өз кезегинде Сенаттын төрайымы Танзила Нарбаева Кыргызстан Өзбекстан үчүн негизги өнөктөш мамлекеттердин бири экенин билдирип, салт-санаа, үрп-адаты, тили, дини окшош эки элдин алакасын арттыруу башкы максат экенине токтолду.

“Саясий-экономикалык кызматташтык менен катар маданий байланыштарыбыз да жигердүү өнүгүүдө. Алсак, быйыл улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата Өзбекстан Республикасында бир катар маарекелик иш-чаралар өтүүдө”, – деди Танзила Нарбаева.

Ошондой эле Өзбекстанда 300 миңден ашуун кыргыз улутундагы жарандар жашарын айткан Сенаттын төрайымы кыргыз диаспорасы эң активдүү экенин кошумчалады.

Баарлашууда туризм жаатындагы кызматташтык тууралуу да сөз болуп, Танзила Нарбаева бала чагында Арстанбапка келип, эс алып кеткенин эске салды.

“Кыргызстандын кооз жаратылышы жана көркөм табияты өзбекстандыктарды өтө кызыктырат. Андыктан, туристтик мүмкүнчүлүктөрдү да кеңейтип, эки тараптуу каттамдарды көбөйтүшүбүз зарыл”, – деди төрайым.

Жолугушуунун соңунда төрага Нурланбек Шакиев Танзила Нарбаеванын коштоосунда Сенаттын ишмердүүлүгү менен таанышып, Ардактуу коноктор китебине каалоо-тилегин жазып калтырды.

Количество просмотров: 54