Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин Исламабад шаарында өткөн 23-жыйынынын жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:
-Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин 23-жыйынынын жыйынтыгы боюнча биргелешкен чечимдер;
-ШКУга мүчө мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташуу программасын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар жана жолугушуулар жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгынын отчету боюнча өкмөт башчылар кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими;
-Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетинин аткарылышы жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун 2023-жылга каржылык отчету боюнча өкмөт башчылар кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими;
-Шанхай кызматташтык уюмунун 2025-жылга бюджети жөнүндө өкмөт башчылар кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими;
-Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгынын штаттык таблицасы жөнүндө өкмөт башчылар кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими;
-Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык антитеррордук түзүмүнүн аткаруу комитетинин штаттык таблицасы жөнүндө өкмөт башчылар кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими;
-Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосунда “Жаңы экономикалык диалогду” өнүктүрүү концепциясы жөнүндө өкмөт башчылар кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими;
-2017-жылдын 1-декабрындагы Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол.