• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Шашылыш билдирүү: Өлкөдө аба ырайы бузулат

9 Баш оона 2018 18:46 Бишкек Govori.TV
Бишкек.09.08.2018.Govori.TV.
Жекшемби жана дүйшөмбү, 12-13-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо, жайлоолордо жаан карга айланат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-23 метрге чейин жетиши мүмкүн.
«12-августта күндүз жана 13-августта абанын температурасы төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат», — деп айтылат маалыматта.

12-августта

Чүй облусунда түндө 18…23 градус жылуу болуп, күндүз 22…27 градуска чейин ысыйт.

Таласта түндө 14…19 градус жылуу болсо, күндүз 20…25 градуска жетет.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түндө 19…24 градус жылуу, күндүз 24…29 градуска чейин көтөрүлөт.

Ысык-Көлдө түндө 13…18 градус жылуу болуп, күндүз күндүн табы 20…25 градуска дейре ысыйт.

Нарында түндө 11…16 градус жылуу болсо, күндүз 19…24 градуска чейин жетет.

13-августта

Чүйдө түндө 12…17 градус жылуу болуп, 26…31 градуска чейин ысыйт.

Таласта түндө 8…13 градус жылуу, күндүз 25…30 градуска дейре жетет.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түндө 15…20 градус, күндүз күндүн табы 28…33 градуска чейин ысыйт.

Ысык-Көлдө түндө 9…14 градус жылуу болуп, 21…26 градуска дейре көтөрүлөт. Нарында болсо түндө 6…11 градус жылуу болуп, күндүз 22…27 градуска чейин жогорулайт.

 

Количество просмотров: 21