• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Шашылыш билдирүү: Аба ырайы кескин өзгөрөт

17 Баш оона 2020 9:04 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагында 18-19-август күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын абдан катуу жаашы, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

18-августта күндүз жана 19-августта түнкүсүн бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы күтүлөт. Айрым жерлерде мөндүр жаашынын ыктымалы бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөшү күтүлөт.

18-августта күндүз жана 19-августта түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөп, Чүй облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 10…15 градус, күндүз 21…26 градус, тоо этектеринде түнкүсүн 5…10°, күндүз 14…19°, Талас облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 6…11°, күндүз 20…25°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 13…18°, күндүз 24…29°, тоо этектеринде түнкүсүн 7…12°, күндүз 20…25°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 6…11°, күндүз 14…19°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 3…8°, күндүз 14…19°, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6°, күндүз 9…14° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 3…8° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2020-жылдын 18-19-августуна чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Количество просмотров: 609