• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Шашылыш билдирүү! Аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

23 Тогуздун айы 2020 9:43 Бишкек Govori.TV

23-24-октябрларда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы күтүлөт. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3° сууктан …+2° жылуулукка чейин, түндүгүндө 0…-5° суук, күндүз 3…8° жылуу, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 2…7° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…5°, күндүз 5…10° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда жана тоо этектеринде түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 0…5° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Количество просмотров: 138