• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Шашылыш билдирүү: Сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн

28 Теке 202213:38 Бишкек Govori.TV

Өлкө аймагында күндүн табы жогорулап, айрым райондордо нөшөрлүү жаан-чачын болору күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

2022-жылдын 29-31-июлунда өлкө аймагында температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Ысык-Көл облусунун дарыяларында, дарыялардын нугуна жанаша жайгашкан аймактардын жээктерин жана жайылма участокторун жууп, суу каптоолор болушу ыктымал.

Количество просмотров: 1668