• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Шашылыш билдирүү: Туруксуз аба ырайы күтүлөт

5 Кулжа 2020 15:55 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-июндан баштап 10-июнга чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

6-7-июнь күндөрү Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, 8-9-июнда республиканын кээ бир аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 5-6-июнда айрым жерлерде мөндүр жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

10-июнга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Количество просмотров: 277