• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Шашылыш билдирүү: Туруксуз аба ырайы күтүлөт

10 Аяк оона 2021 14:21 Бишкек Govori.TV

11-сентябрда узакка созулган жылуу жана кургак аба ырайынан кийин, Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт, деп билдирди 10-сентябрда Кыргызгидромет.

Түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы төмөндөшү күтүлөт: Чүй облусунун өрөөн зонасында түнкүсүн +7… +12, күндүз +18… +23 тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн +5… +10, күндүз +14… +19, Талас облусунун өрөөн зонасында түнкүсүн +4… +9, күндүз +17… +22, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөн зонасында түнкүсүн +10… +15, күндүз +23… +28, тоо этектеринде түнкүсүн +7… +12, күндүз +20… +25, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн +6… +11, күндүз +20… +25 , Нарын облусунун дыйканчылык аймагында түнкүсүн +3… +8, күндүз +20… +25, тоолуу райондордо түнкүсүн -3… +2, күндүз +12… +17, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2… -7, күндүз +6… + 11.

Синоптиктердин айтымында, мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, жайыттарда малды кармоону, транспорттун, байланыштын, энергетиканын жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Количество просмотров: 617