• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Шашылыш билдирүү: Туруксуз аба ырайы күтүлөт

4 Бирдин айы 2022 15:27 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагында 6-7-8-февралда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

6-февралда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, карга айланат. Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ысык-Көл облусунда күн ачык болот.

7-февралда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт.

7-февралда күндүз жана 8-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен кар жаайт.

Ал эми 8-февралда күндүз кээ бир райондордо кар жаап, жааган кардан улам жолдорго муз тоңот. Кээ бир жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет. Температуранын төмөндөшү күтүлүүдө.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Количество просмотров: 1653