• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны Кытайда өтөт

16 Теке 202511:28 Бишкек Govori.TV

ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны 2025-жылдын 1-сентябрында Кытайдын Тяньцзинь шаарында өтөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, күн мурун, 15-июлда Кытайдын Тяньцзинь шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны өтүп, анда ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына даярдык көрүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле жыйында ШКУнун күн тартибиндеги коопсуздук жана туруктуу өнүгүү жаатындагы актуалдуу маселелер боюнча мазмундуу пикир алмашуу болду.

Количество просмотров: 104