«Бишкек шаарын суу менен камсыздоо жана канализация системасын реаблитациялоо” долбоорунун алкагында, “Орто-Алыш” суу топтомосундагы суу менен камсыз кылчу түтүктөрү орнотулуучу чуңкурларды казуу иштери башталды.
Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун жана Швейцария өкмөтүнүн Кыргызстандагы консулунун катышуусу менен ачылган бул долбоор Швейцария Конфедереция Өкмөтүнүн, Европалык реконстукция жана өнүктүрүү банкынын эсебинен ишке ашууда.
2015-жылдын 4-июлунда кол коюлган бул долбоорго 8 млн доллар евро насыя жана 8 млн доллар грант бөлүнгөн. Азыркы тапта “Орто-Алыш” суутоптомосунда суу соргучтары жана көмөк чордондору менен 35 суу соргуч иштеп жатат.
Албек Ибраимовдун айтымында Бишкек шаарынын түштүк тарабына чейин суу түтүктөрүн куруу менен шаардыктарга таза суу жеткирилет.
Долбоорду ишке ашыруу боюнча тендерди Кытайдын “Тяньдин” компаниясы утуп алган. Азыркы тапта жумушчу тобу иштеп башташты. Бул компаниянын жардамы менен ичүүчү жана агынды суулардын сапатын аныктоо үчүн лабораториялар курулаарын “Бишкек суу канал башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурадин Сейдалиев билдирди.