• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Шыкмаматовго сотто сөз берилет

20 Бирдин айы 2018 9:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.02.18.Govori.TV

Бүгүн 20-февралда Бишкек шаардык соту парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматовдун ишин кароону улантат. Бул тууралуу депутат өзү  билдирди. Анын айтымында, өткөн аптагы жараяндарда күбөлөр суралып бүттү.

Бүгүн сотто Шыкмаматов сөз алат. Бишкектин Биринчи Май райондук соту былтыр 19-декабрда Алмамбет Шыкмаматовду Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси («Кылмышка шериктеш болуу»), 304-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча күнөөлүү деп таап, 5 миллион сом айыпка жыккан. Тергөөнүн маалыматында «2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган Шыкмаматов алдын ала сүйлөшүп, өз аялына таандык «Мерседес-Бенц Е320″ автоунаасын 14 миң 600 долларга тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашкан» деп айтылат. Депутат өзүнө коюлган күнөөлөр тергөөдө да, райондук сотто да далилденбегенин, иш саясий негизде козголгонун айтып, шаардык сотко даттанган.

Эске салсак, Шыкмаматов менен кошо Эсеп палатасынын мурдагы аудитору, экс-депутат Жусуп Иманалиевге жана Кыргызстанда жашаган немис жараны Али Юкселге да кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 2