О! мобилдик оператору кырызстандыктарды шылуундардан коргоо максатында сактануу эрежелери тууралуу маалымат берет.
Белгилүү компаниялардын, банктардын жасалма сайттарына фишингдик (алдамчылык) шилтемелер жиберилген учурлар көбөйүп кетти.
Схема жөнөкөй эле: сизге бир шилтеме келет (мисалы, www.[бренддин аталышы].id4007.kg), ага киргенде жеке маалыматтарды толтуруу сунушталат. Мында ар кандай шылтоолор болушу мүмкүн: сизге чет өлкөдөн акча которулду же ири байгенин жеңүүчүсү болдуңуз ж.б.
Шилтемелер чыныгы сайттарды имитациялайт жана ниети бузуктар алардын аталыштарына окшош аттарды колдонушат. Мындай шилтемеге кирген учурда, шылуундар сиздин жеке маалыматтарыңызга: e-mail дарегиңизге, банк картасына, сырсөздөргө жана башка жеке мүнөздөгү маалыматтарга мүмкүндүк алышат.
Ошондой эле шылуундар мессенджерлер аркылуу видео чалуу менен байланышып, смартфонуңуздун экранын күйгүзүп коюуңузду суранышат. Экранды күйгүзгөн учурда алар телефондун ичиндеги бардык маалыматтарды, анын ичинде финансылык операцияны ырастоо үчүн банктан SMS менен келген жеке коддорду же жеке кабинетке кире турган сырсөздү көрө алышат.
Шылуундардын торуна түшүп калбаш үчүн сак болуу жана киберкоопсуздуктун жөнөкөй эрежелерин билүү керек.
ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН!
Байланыш-борборлордун операторлору менен банктардын кызматкерлери эч качан SMS менен келген кодду сурабайт же шилтемеге кирүүнү сунуштабайт. Мындай болгон учурда, дароо байланышты токтотуп коюңуз.
Байланышты дароо токтотуп, шектүү контактты мессенджердин ырастоолорунан бөгөттөп коюңуз. Коопсуздук максатында смартфондун экранынан билдирүүлөрдүн мазмунунун көрүнүп туруусун да өчүрүп коюңуз. Сиз ачканда гана окула тургандай болушу керек.
Байланышты дароо токтотуңуз. Маалыматты текшерүү оңой эле – интернеттен уюмдун телефонун таап, өзүңүз чалып тактаңыз.
Акча которууга шашылбаңыз. Ага өзүңүз чалып, билдирүүнү чындап ал жибергенин тактаңыз. Шылуундар досторуңуздун же туугандарыңыздын номерлерине окшош номерлерди жана алардын фотосүрөттөрүн да колдонушу мүмкүн экенин эсиңизден чыгарбаңыз.
Андыктан чоочун адамды жөн эле угуңуз жана аны менен талкууга кирбеңиз, «ооба» жана «жок» деген сөздөрдү айтпаңыз.
О! мобилдик оператору абоненттерин шылуундардын спамдарынан коргоо менен фишингге каршы күрөшүү программасын ишке ашырууда жана максималдуу коопсуздукту камсыздоо максатында күмөндүү шилтемелерге кирбөөнү, аккаунтуңузду коргоо үчүн эки факторлуу авторизацияны колдонууну жана мессенджерлердин ырастоолорунан кошумча пин-код менен сырсөздү орнотууну сунуштайт.
Алдамчылык аракеттер боюнча шектенүү жаралса:
Мындан тышкары, күмөндүү номер тууралуу күнү-түнү иштеген О! кардарларын колдоо кызматына билдире аласыз:
«НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.
Материал жарнамалык негизде чыгарылды.