Бүгүн, 13-июнда омуртка булчуңдарынын атрофиясы (SMA) менен жабыркаган балдардын ата-энелери өкмөт үйүнө чогулуп, кайрылуу жасашты. Чогулгандар балдардын жашоосуна керектүү дарынын жок болуп жатканын айтышып, ИВЛ-аппараттарды бөлүп берүүнү өкмөттөн суранышты.
Эки жээни бул дартка кабылган Айгүл Исаева төмөндөгүлөргө токтолду.
«Эки балабызга омуртка булчуңдарынын атрофиясы деген диагноз коюлган. SМА’ны дарылоочу каражаттар бизде жок экен, баасы абдан кымбат. Үйдө бир эле адам иштегендиктен ага чамабыз келбейт. Бул маселе менен Саламаттык сактоо министрлигине дагы кайрылганбыз, дагы деле эч кандай жооп жок. Биз бүгүн чогулуп чыгуу менен жалпы 20 балага дарылоочу атайы каражаттарды мамлекет алып берсе деген талапты коюп жатабыз»,-деди ал.