• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Смаилов Казакстандын премьер-министри болду

11 Үчтүн айы 2022 11:46 Бишкек Govori.TV

Алихан Смаилов Казакстандын премьер-министри болуп шайланды. Мажилистин төрагасы Нурлан Нигматулин аны 89 депутаттын баары бир добуштан колдогонун билдирди.

Казакстандын президенти Токаев өкмөт башчылыкка Алихан Смаиловдун талапкерлигин сунуштаган. Бүгүн, 11-январда парламенттин жыйыны өтүп, ага Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев онлайн катышкан.

5-январда казак президенти премьер-министр Аскар Мамин баштаган Казакстандын өкмөтүн отставкага кетирген. Ал эми премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп Алихан Смаилов дайындалган.

Эске сала кетсек, 2-январда Казакстандын Алматы, Актау, Жаңаөзен шаарларынын тургундары суюлтулган газдын баасын арзандатуу талабы менен нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул тынчтык митинг Казакстандын түштүк аймактарынын баарына жайылып, акыры башаламандыкка, тополоңго айланып кеткен.

Количество просмотров: 168