• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Баатырованын талапкерлиги колдоо тапты. Акыйкатчы институту аскер бөлүктөрүндө мониторинг кылат

5 Аяк оона 2022 14:04 Бишкек Govori.TV

ЖК КОМИТЕТИ БААТЫРОВАНЫН ТАЛАПКЕРЛИГИН ЖАКТЫРДЫ
Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети 5-сентябрдагы жыйынында Гүлнара Баатырованын талапкерлигин саламаттык сактоо министри кызматына жактырды. Эми анын талапкерлиги 7-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында каралат.
Президент Садыр Жапаров Баатырованы министрдин милдетин аткаруучу кылып 23-августта дайындаган. Гүлнара Баатырова 59 жашта.
Июнь айында убактылуу ишинен четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 19-августта кызматынан алынган. Министрдин милдетин Жаркынбек Касымбеков аткарып жаткан.

АКЫЙКАТЧЫ АСКЕР БӨЛҮКТӨРҮНӨ МОНИТОРИНГ КЫЛАТ
Акыйкатчы институту түзгөн жумушчу топ 5-сентябрдан тартып аскер бөлүктөрүндө мониторинг жүргүзүүнү баштады. Мекеме тараткан маалыматта анын алкагында аскер кызматкерлери, жетекчилер менен жолугушуулар өтөрү, соңунда сунуштар камтылган баяндама даярдалып Жогорку Кеңешке жөнөтүлөрү жазылган.
Акыйкатчы институту июль айынын аягында соңку беш жыл ичиндеги жоокерлер өлүмүн, армиядагы зордук-зомбулукту иликтөө үчүн жумушчу топ түзгөн. Анын курамына Башкы прокуратуранын, Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыйноолорго каршы улуттук борбордун жана айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кирген.
Кыргыз армиясында соңку эки айдын ичинде эле кызмат өтөп жаткан төрт аскер каза болду.

МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛУШТАР БОЮНЧА ИШ КОЗГОЛДУ
Башкы прокуратура Бишкек шаарындагы мыйзамсыз курулуштарга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы жана азыркы эки кызматкер кармалганын кабарлады. Анда мэриянын алдындагы «Бишкекгенплан» долбоорлоо институтунун мурдагы жетекчиси А.Ж менен “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин бөлүм башчысы Ч.М. уулу коррупцияга шек саналып жатканы айтылат.
Башкы көзөмөлдөөчү орган тараткан маалыматка ылайык, кылмышка шектүүлөр “өздөрүнүн материалдык кызыкчылыгын көздөп, кайсы бир тараптардын пайдасына көп кабаттуу үйлөрдү өз алдынча курууга жол ачкан коорупциялык схема түзгөн”.
“Кармалгандардын үйүн тинтүү маалында Ж.Анын үйүнөн бир канча курал ок-дарысы менен табылды. Ошондой эле анын мыйзамсыз аракеттерин ырастаган документтер алынды. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди. Ал эми Ч.М.у. шаардагы №1 тергөө абагына камалды”,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 132