• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Башкы прокуратура «Кумтөр» ишканасын текшере баштады. Өлкөдө жалпы ишембилик өтөт

24 Баш оона 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

БАШКЫ ПРОКУРАТУРА “КУМТӨРДҮ” ТЕКШЕРЕ БАШТАДЫ

Башкы прокуратура Эсеп палатасынын текшерүүлөрүнүн негизинде «Кумтөр» ишканасын текшере баштады. Маалыматты башкы көзөмөл органдын басма сөз кызматынан ырасташты. Анын белгилешинче, текшерүү иштери 23-августтан тарта башталды. Кылмыш ишин козгоо же козгобоо маселеси текшерүүнүн жыйынтыгына жараша болот.

Министрлер кабинети «Кумтөр» компаниясынын ишинде чоң өзгөрүүлөр болгонун 23-августта кабарлаган. Маалыматта Эсеп палатасынын тийиштүү текшерүүлөрүнө байланыштуу «Кумтөр» компаниясын буга чейин жетектеп келген Тенгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматынан четтетилгени айтылган. Текшерүүнүн жыйынтыгында финансылык мыйзам бузуулар болгону, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш, тетиктер жогорку баада сатылып алынганы аныкталган.

Өкмөттүн басма сөз кызматы Башкы прокуратура жалпы көзөмөл иретинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Эсеп палатасынын кызматкерлерин тартуу менен текшерүү иштерин баштаганын билдирген.

5 ЖАШАР БАЛА СУУГА ЧӨКТҮ

Кара-Кулжа районунун Сай айылында 5 жашар бала Тар дарыясына түшүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ӨКМдин райондук бөлүмүнө Сай айылында 2017-жылы туулган Т.Э. аттуу бала Тар дарыясына түшүп кеткени тууралуу кабар түшкөн.

Жерине 8 куткаруучу тартылып, издөө иштеринин натыйжасында куткаруучулар тарабынан баланын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

ӨЛКӨДӨ ЖАЛПЫ ИШЕМБИЛИК ӨТӨТ

Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында Кыргызстанда 17-сентябрда жалпы ишембилик өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн элчиси, “Эко Деми” коомдук фондунун президенти Айжан Чыныбаева билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндөн баштап тазалык күнүнө чейин ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт.

«Кыргызстан дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында өтүп жаткан ишембиликке төртүнчү ирет катышып, катышуучулардын саны боюнча биринчи орунду алып келүүдө. Башкача айтканда, Кыргызстанда жалпы калкынын 10 пайызы ал иш-чарага катышууда. Бул жакшы көрсөткүч. Өткөн жылы 640 миң ыктыярчы ишембиликке катышкан», — дейт ал.

Чыныбаева эртең Ысык-Көлдө эл аралык экомарафон өтөрүн айтып, ыктыярчылар ылдамдыкка таштанды тазалай турганын кошумчалап кетти.

Количество просмотров: 121