• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Дагы 5 адам коронавирустан көз жумду. Тилекмат Кудайберген уулу 1 жыл 6 айга камалды

20 Баш оона 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы ыкчам штабдын 20-августка карата берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда 242 адам вирус жуктурганы лабораториялык жактан тастыкталды. Акыркы суткада 526 киши сакайды. Беш адам илдеттен көз жумду.

Ушуну менен былтыр март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 173 428 адамга жетти. Жалпы — 165 368 киши сакайды. Илдеттен 2473 адам каза болду.

ЕӨАК ЖЫЙЫНЫНЫ КЕҢЕЙТИЛГЕН ФОРМАТТА ӨТТҮ

Бүгүн, 20-августта, Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги (ЕӨАК) жыйыны кеңейтилген форматта өтүүдө.

Иш-чарага Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко, Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышууда.

Ошондой эле жыйынга байкоочу катары Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов, Куба Республикасынын премьер-министри Мануэль Марреро Крус (видеоконференция аркылуу) катышып жатат.

Кеңешменин жүрүшүндө интеграциялык биримдиктин алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралат.

Белгилей кетсек, 19-августта жыйындын катышуучулары тар форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн.

АКТИВИСТ КАМАЛДЫ

Жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулу 1 жыл 6 айга камалды. Бул тууралуу чечимди бүгүн Свердлов райондук соту кабыл алган.

Тилекмат Кудайберген уулу Жазык кодексинин 310-беренеси (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”) жана 264-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) боюнча айыпталууда.

Укук коргоо органдары анын “Фейсбуктагы” баракчасындагы билдирүүсүндө “бийликти кулатууга чакырыктар бар” деп тапкан жана активист 15-мартта Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган.

Бишкек шаардык соту Кудайберген уулунун бөгөт чарасын 26-апрелде карап, үй камагына чыгарган.

Тилекмат Кудайберген уулу президент Садыр Жапаровдун саясатын сындап келет. Ал “Жетим-Тоону коргоо” кыймылын жетектеген, “Ханституцияга каршы” борборунда мүчө болгон. .

Количество просмотров: 139