• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Дайынсыз жолголгон ишкердин сөөгү табылды. Айдоочулук күбөлүк берүү процедурасы жеңилдеди

21 Тогуздун айы 2019 15:22 Бишкек Govori.TV


 Изделип жаткан жеке ишкердин сөөгү Кочкордо казылып алынды

4-октябрдан бери Дайынсыз жоголуп, издөөдө жүргөн жеке ишкер Хуфур Абдурахемандин сөөгү Нарын облусундагы Кочкор районунун аймагында табылган. Шаардык Ички Иштер Башкармалыгынын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, 5-октябрда Свердлов РИИБге ишкер Хуфур Абдурахемандин бир тууганы арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 38 жаштагы агасы Хуфур Абдурахмен 4-октябрда саат 18:00 чамасында «Мадина» базарынан «БМВ Х5» үлгүсүндөгү унаа менен үйүнө кеткен боюнча дайыны жок.
Ишкер Хуфур Абдурахемандын өлүмү боюнча кармалган шектүүлөр тууралуу милициядан маалымат беришти. Бул ишке катыштыгы бар делген 8 адам кармалган. Ал эми кылмышка негизги шектүү катары кармалган жарандар: Нарын облусунун 1964-жылы , Бишкек шаарынын 1990-жылы , Ысык-Көл облусунун 1990-жылы туулган жарандар жана Казакстандын 1986-жылкы жараны Бишкек Шаардык Ички Иштер Башкармалыгынын абагына камакка алынган. Свердлов РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери «Сосновка» постунан уурдалган «ВMW X5» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Аны күбөлөрдүн бири башкарып бара жаткан. Шектүүлөрдү ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын, Бишкек ШИИБдин жана Свердлов РИИБдин ыкчам тобу ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун аскерлери менен кармашкан. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөрдөн ишкердин денеси казылган жер тууралуу маалымат алынган.


Автотранспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү процедурасы жеңилдетилди

Автотранспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү процедурасы жеңилдетилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Мамлекеттик каттоо, транспорт каражаттарын,​ түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле менчик укугун кайра каттоону бекиткен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кирди:
– юридикалык жактар үчүн автотранспорт каражаттарына техникалык талон берүү жоюулду;
– транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүктүн өзгөчө белгилерине “биргелешкен ээси” жазылып, ал транспорт каражатынын ээсинин каалоосу менен электрондук маалымат базасына катталат;
– чет элдик жарандар үчүн автотранспорт каражаттарын каттоо процедурасы жеңилдетилет;
– ар бир транспорт каражатына, түзүмгө жана жабдууларга уникалдуу жеке номер берилет, андагы бардык тийиштүү маалыматтар электрондук базага киргизилет;
– бардык каттоо иш-аракеттери жеке жактар үчүн идентификациялык жеке номер, ал эми юридикалык жактар үчүн идентификациялык салык номери аркылуу жүргүзүлөт.
Ошондой эле, айдоочулук күбөлүк жоголгон учурда транспорт каражатын башкарууга убактылуу талон берүү тажрыйбасы жоюлду; медициналык маалымдаманын мөөнөтү 1 жылга чейин узартылды; чет элдик жарандар үчүн, башка мамлекеттин айдоочулук күбөлүгүн алмаштырам десе, теориялык жактан сынак тапшыруу процедурасы жоюулуп, сынакты транспорт каражаттарын башкаруунун эрежелери боюнча тажрыйба жүзүндө тапшырат; окуудан өткөнү тууралуу күбөлүк бар болсо, ал электрондук маалымат базасына киргизилбейт; бардык каттоо иш-аракеттер жеке жактар үчүн идентификациялык жеке номер менен жүргүзүлөт.

Бишкектеги автобустардын айдоочусунун 188и жол эрежеси боюнча тапшырган сынактан өтпөй калды
Бишкектеги автобустардын 343 айдоочусунун 188и жол эрежеси боюнча тапшырган биринчи сынактан өтпөй калды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, экзамен 9-11-октябрь күндөрү болуп, ага 24 айдоочу жүйөлүү себептерден улам келе албай калган. Ал эми биринчи сынактан кулап калган 188 киши 15-16-октябрда кайра экзамен тапшырып өткөн.
Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы кабарлагандай, баш калаада 109 кичиавтобустук, 11 автобустук жана 11 троллейбустук каттам бар.
Мында муниципалдык 140 автобус, 145 троллейбус жана менчик 2100 кичиавтобус иштейт.

Количество просмотров: 129