КӨЧКҮ ТҮШҮП, ЖОЛ ЖАБЫЛДЫ
8-январда Чаткал районундагы Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымына кар көчкү түшүп, жол толугу менен жабылып калды. Түшкөн кар көчкүнүн көлөмү 7 миң 725 куб метрге жетет. Учурда №27 жол тейлөө ишканасынан жана Чаткал айыл аймагынан тартылган эки техника тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.
Кыргызгидромет кызматы 9-11-январдагы жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашууларында, Чычкан капчыгайында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 55-107-чакырымдарында, Чапчыма ашуусунда жана Красная-Горка-Акташ автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болушу ыктымалдыгын эскертти.
СУУ САКТАГЫЧТАН ЭРКЕК КИШИНИН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ
Чүйдүн Аламүдүн районундагы Ала-Арча-3 суу сактагычына 37 жаштагы А.Ш. аттуу эркек киши түшүп кеткен.
ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жерине 13 куткаруучу тартылып, издөө иш-чараларын негизинде жогоруда аталган жарандын сөөгүн табышкан. Сөөк милиция кызматкерлерине өткөрүп берилген.
НАРИСТЕ ИСКЕ УУЛАНЫП КАЗА БОЛДУ
Жалал-Абад облусунда 2020-жылы туулган наристе иске ууланып каза болду. Жалал-Абад облустук милициясынын маалымат кызматынын маалыматына ылайык, 8-январда саат 01:30 чамасында Жалал-Абад облустук ооруканасынан милицияга билдирүү түшкөн.
Бул окуя Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына «Уулануу» болуп катталып, териштирүү иштери башталган. Окуя болгон жерге Жалал-Абад ШИИБдин тергөө-ыкчам тобу барган.
«2023-жылдын 7-январында саат 20:00 чамасында 1993-жылы туулган келин кошумча жумуш кылганы идиш жууганы чыгып кетип жатып, 2019-жылы туулган эркек баласын жана 2020-жылы туулган кызын уктатып үйүнөн чыгып кеткен. Кайра 23:30 чамасында жумуштан келсе, үйүндө электр жылыткычтын зымы ээрип, түтүн каптап, кызы каза болуп калгандыгы аныкталган. Уулу оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган», — деп айтылат маалыматта.