Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 18-мартка чейин өлкөнүн тоолуу райондорунда жана негизги унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар экенин эскертет.
Ведомствонун маалыматына ылайык, туруксуз аба ырайына байланыштуу төмөнкү жол тилкелеринде этият болуу зарыл:
Бишкек – Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайында;
Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында;
Бишкек – Нарын – Торугарт: 292-305-чакырымдарындагы Долон ашуусунда;
Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда;
Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 201-205, 260-290 жана 326-349-чакырымдарындагы Көк-Арт ашуусуда.
«Аталган аймактарда кар күрткүсү күтүлүп, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Коопсуздукту камсыздоо үчүн унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралыкты так сактоо талап кылынат», — деп айтылат маалыматта.