• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: “Кыргызавтожолдун” директору алмашты. 20-21-декабрда газ берүү убактылуу токтотулат

19 Бештин айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

“КЫРГЫЗАВТОЖОЛДУН” ЖЕТЕКЧИСИ АЛМАШТЫ

Тариэль Жаныбеков “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын директору болду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 12-декабрдагы буйругуна ылайык, Кадырбек Нурмамбетов “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын директору кызматынан бошотулуп, анын ордуна Тариэль Жаныбеков дайындалды.

Белгилей кетсек, Кадырбек Нурмамбетов өз каалоосу менен арыз жазган.

ГАЗ УБАКТЫЛУУ ӨЧҮРҮЛӨТ

Бишкектин айрым райондорунда 20-21-декабрда газ берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул күндөрү шаардын айрым райондорунда жайгашкан орто басымдагы газ өткөргүчтөрүндө сызылып чыккан газды токтотуу боюнча авариялык калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу төмөнкү райондордо жаратылыш газы өчүрүлөт: «Аламүдүн – 1» кичирайону, «Энергетиктер» шаарчасы, «Курулушчулар» шаарчасы, «Учкун» жаңы конушу, Лебединовка айылында төмөнкү көчөлөрдүн кесилишкен аймагында: Калинин, Жениш пр., Садовая, Токмок.

Компания тез аранын ичинде жумуштарды бүтүрүүгө жана жаратылыш газын берүүгө болгон күч аракетин жумшайт.

ТАМАКТАНУУЧУ ЖАЙ ӨРТТӨНДҮ

Бишкек шаарында тамактануучу жай өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, 18-декабрь күнү Бишкектин Свердлов районунун Ч. Айтматов көчөсүндө жайгашкан тамактануучу жай өрттөнүп жаткандыгы кабарланган. Тилсиз жоо саат 02:53дө өчүрүлгөн.

«Өрт кырсыгынын кесепетинен тамактануучу жайдын 20 чарчы метр чатырынын айнектелген кебез жылуулаткычы, пластик шыбы күйгөн»,-деп айтылат маалыматта.

Өрттүн себеби электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу болгон. Такталган маалымат боюнча өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.

Количество просмотров: 320