• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Накталай чет элдик валютанынын тартыштыгы барбы? Оорудан айыктырам деп акча алган жаран кармалды

25 Чын куран 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ЧЕТ ЭЛДИК ВАЛЮТАНЫН ТАРТЫШТЫГЫ ЖОК

Өлкөдө накталай чет элдик валютанынын тартыштыгы байкалбайт. Бул тууралуу Улуттук банкттын Банктык Көзөмөл башкармалыгынын башчысы Эмил Сарыажиев билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан Кыргызстанда валюта рыногундагы абал туруктуу деп бааланууда.

«Жалпысынан рублдин курсунун өзгөрмөлүүлүгүнө келсек, рыноктук механизмдер рублга жана башка валюталарга карата курсту жөнгө салат. Улуттук банк зарыл болгон учурда банк секторуна жана акча алмаштыруу жайларына даттануулар же мыйзам бузуулар боюнча текшерүүлөрдү жүргүзөт. Валюта рыногундагы абал да тынымсыз көзөмөлдөнүп турат», — деди ал.

РАКТАН АЙЫКТЫРАМ ДЕП АКЧА АЛГАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Рак оорусунан айыктырууну убадалап акча алган чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-апрелде Аламүдүн райондук милициясына арыз менен жаран кайрылып, өзүн Сиддик деп тааныштырган адам февраль айында рак менен ооруган баласын медициналык жол менен айыктырып берем деп ишеничине кирип, 5 миң 500 АКШ долларын алып изин жашырып кеткенин билдирип, чара көрүүнү суранган.

Жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектелип 41 жаштагы Пакистандын жараны кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

САДЫГАЛИЕВ КӨЧӨСҮНҮН БИР БӨЛҮГҮ БИР ТАРАПТУУ БОЛОТ

28-апрелден тарта Бишкектин Садыгалиев көчөсүнүн түштүк багытындагы А.Волкова көчөсүнөн Дэн Сяопин проспектисине чейинки бөлүгүндө бир тараптуу кыймыл уюштурулат. Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чечим өткөрүү жөндөмдүүлүгүн, жол коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу жана жол кырсыктарынын санын азайтуу максатында кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Садыгалиев — Волкова көчөлөрү менен Дэн Сяопин проспектиси — Садыгалиев көчөсүнүн кесилиштеринде жүргүзүлгөн изилдөөлөр Садыгалиев көчөсү менен бара жаткан унаалардын агымына туруштук бере албай тургандыгын көрсөткөн.

Количество просмотров: 57