• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Сох анклавындагы тургундар Рамазан айындагы мечиттеги рейдге нааразы болууда

18 Чын куран 2022 17:12 Бишкек Govori.TV

Фергана облусунун Сох районунда таравих-намазы учурунда милициянын коштоосунда «Хазрати Али» мечитине барган кызмат адамдары ал жактагы балдарды кубалап жиберишти. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматы окуянын күбөлөрүнө шилтеме кылып кабарлады.

Жергиликтүү тургундардын биринин айтымында, окуя 10-апрелде болгон. Мечиттин имамы аткаминерлер менен тартип сакчыларды токтотуунун ордуна, аларга кошулуп балдарды мечиттен чыгарууга көмөктөшкөн.

– Алар топтошуп кирип келип, намазды үзгүлтүккө учуратышты. Катуу кыйкырып балдарды мечиттен кууп чыгышты. Тилекке каршы, имам аларды токтотуунун ордуна кошулуп, балдарды чыгарууга көмөктөштү. Мечиттеги адамдар менен маале тургундары бул окуяга нааразы болуп, тынчсызданып жатышат», — деди ал.

«Хазрати Али» маалесинин төрагасы Субхонали Нишанов мечитте рейд болгонун ырастады. Анын айтымында, мындай чечим башталгыч класстардын окуучулары мечиттен кеч кайтып, сабактарга кечигип калып жаткандыктан кабыл алынган.

– Мен маале төрагасы болуп беш жылдан бери иштейм. Жыл сайын биздин айылдан бир нече адам Сирияга, Түркияга кетип, ошол жактарда калып калат. Алардын ата-энеси менен жубайлары ыйлап келишет. Ата-энелер балдары мечиттен кеч келип, тапшырмаларды аткарбай, сабактарга жетишпей калып жатканын айтышат. Ошондуктан мен башталгыч класстардын окуучуларына таравих намазга барууга убактылуу тыюу салууну сунуштадым. Ошол эле маалда мен алардын беш маал намаз окуусуна каршы эмесмин», — деди маале башчысы.

Фергана облусунун Сох районунда «диний фон» жогору болгон үч маале (анын ичинде «Хазрати Али» маалеси) «кызыл», дагы үчөө «сары» зонага киргизилген.

АКШнын Мамлекеттик департаменти 2021-жылдагы адам укуктарынын абалы боюнча жарыялаган баяндамасында адамдардын негизги укуктарын одоно бузуп жатканы үчүн Өзбекстанды сынга алган.

Укук коргоо уюмдары балдардын мечитке баруусун чектегени, ошондой эле окуучулар менен студенттерге хижаб кийүүгө уруксат бербегени үчүн расмий Ташкентти сындап келишет.

2021-жылы июлда президент Шавкат Мирзиёев «Абийир эркиндиги жана диний уюмдар тууралуу» мыйзамдын жаңы редакциясына кол койгон.

Ага ылайык, коомдук жайларга диний кийимдер менен чыгууга болбойт деген талап мыйзамдан толук алынып салынган. Мындан тышкары ата-энелерге же баланы багып жаткан адамга аларды үй шартында диний жөрөлгөлөргө жана жүрүм-турум этикасын үйрөтүүгө укук берилген.

Количество просмотров: 110